Өкмөт алдыдагы 9 күндө аймактарда кен казуу тармагы боюнча талкууларды, маалымат берүү иштерин өткөрөт

Өлкө аймагында өкмөттүн кен казуу секторунда жүргүзгөн саясаты, КРнын тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясына ылайык, жакынкы жылдарда ишке ашырылуучу иш-чаралар боюнча маалымат-түшүндүрүү кампаниясы башталат. Иш-чараны Экономика министрлиги КРнын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун колдоосунда ишке ашырууда.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, кампаниянын алкагында өлкө аймагындагы бардык облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигинин өкүлдөрү, журналисттер, ошондой эле жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн 8 көчмө семинар өткөрүлөт. Маалыматтык кампания жер казынасын пайдалануу объектилери жайгашкан райондордо жашаган тургундарды толук маалымат менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн максималдуу санын камтууну көздөйт.

Агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев: “Аймактарда жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды жана талкууларды өткөрүү өкмөттүн кен казуу тармагындагы жүргүзгөн реформаларын жайылтуунун эң натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет. Мындан тышкары талкуулар жергиликтүү калк тарабынан нааразылыкты төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Анткени алар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн жөндөөчү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн ишенимдүү маалыматтарды алышат”,- деп белгилейт.

Семинарлар 21-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта өткөрүлөт:

- 21-июль, саат 10:00. Чүй облусу, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;

- 22-июль, саат 10:00. Талас облусу, Талас шаары, Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын имараты;

- 23-июль, саат 10:00. Нарын облусу, Нарын шаары, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын имараты;

- 24-июль, саат 10:00. Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын имараты;

- 27-июль, саат 13:00. Баткен облусу, Баткен шаары, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын имараты;

- 28-июль, саат 10:00. Баткен облусу, Кадамжай району, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имараты;

- 29-июль, саат 10:00. Ош облусу, Ош шаары, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын имараты;

- 30-июль, саат 10:00. Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын имараты.

Семинарлардын жүрүшүндө семинарлардын катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын – өкмөттүн аппаратынын, Экономика министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнүн ортосунда республиканын тоо-кен казуу секторун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, акыркы эки жылда өткөрүлгөн сынактар жана аукциондор боюнча, салык салуу жана салык эмес төлөм маселелери боюнча, жергиликтүү жамааттар үчүн пайдалар, курчап турган чөйрөнү коргоо жана башка маселелер боюнча талкуу жана пикир алмашуулар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан