Талас облусунун Бекмолдо айыл округунда Жер-Үй кенинин иштетилишине каршы митинг өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Төрөхан Жунусбеков билдирди.
Анын айтымында, тынч митинг бүгүн саат 11:30 чамасында башталды. “Жаңы эле бир мас болгон провокатор аксакал сүйлөп, облустун күч органдары менен митингчилердин ортосунда чыр чыгып кетти. Учурда абал тынч. Биздин талап - Жер-Үй кенин иштетпөө. Анткени ал мөңгүлөрдүн эришине, таза суунун булганышына жана цианиддин айынан экологиянын бузулушуна алып келет. Биздин митинг дагы 2-3 саатка уланат. Эгер жергиликтүү бийлик тарабынан абал курчутулбаса, биздин чогулуш тынч өтөт”,- деди уюштуруучу.
Эскерте кетсек, Жер-Үй кенин иштетүү укугун орусиялык "Восток-геолдобыча" компаниясы утуп алган. Өкмөт аталган кенди иштетүү зарылдыгын билдирип келет.