Кыргыз мамлекетинде бензиндин баасы кымбаттоодо. Бишкектеги май куюучу жайларда 21-июлга карата баалар төмөнкүдөй:
АИ-80 34 сом 50 тыйын;
АИ-92 41 сом;
АИ-95 43 сом 50 тыйын;
Дизель майы 39 сом 50 тыйын.
Айрым май куюучу жайларда баалар 50 тыйынга арзаныраак. Борбор шаарга салыштырмалуу республиканын аймактарында баалар алда канча жогору. Баалардын кымбатташын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Орусиянын заводдорундагы баалардын жогорулашына жана кыргыз жеринде импорттолгон күйүүчү майларга акциздик салыктын 2015-жылдын 1-июнунан тарта көбөйүшүнө байланыштырууда.