Бүгүн, 21-июлда Өзгөн шаарында отставкадагы полковник
Абдували Акжоловдун 300дөй тарапташы митингге чыкты. Чогулгандар сабалып, учурда абакта жаткан Акжоловду эркиндикке чыгарууну, анын ден соолугуна кам көрүүнү талап кылышууда. Окуянын күбөсүнүн билдиришинче, митингге келгендер “Полковникти сабагандар жоопко тартылышсын!” деген өңдүү ураандар менен турушат. Алар райондун акиминин келишин да талап кылышканы айтылды.
Эскерте кетсек, А.Акжолов 4-июлда сабалган. Анын жакындары бул ишти күч органдарында иштегендер кылганын, Акжолов күнөөсүз экенин айтып чыгышкан эле. Ооруканага жеткирилген кылмышка шектүү көп өтпөй СИЗОго камакка алынган. ИИМдин билдиришинче, отставкадагы полковник оор кылмышка шектелүүдө. Толугураак
бул жакта.