Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда судьялардын ант берүү расмий аземи болуп, Биринчи Май райондук сотунун жаңы шайланган 12 судьясы ант берди. Мындай кабарды мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен судьялар: Абдуразак Боромбаев, Венера Жаныбек кызы, Мидин Жолдошалиев, Кундуз Исаева, Эмилбек Каипов, Алмаз Калыбаев, Айнура Сатарова, Марат Сыдыков, Адылбек Субанкулов, Мирлан Термечиков, Айгүл Үмөтова, Айбек Эрнис уулу.
Эске салсак, быйылкы жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши президент Алмазбек Атамбаевге Биринчи Май райондук сотунун судьяларын кызмат орундарына дайындоо үчүн 14 талапкер сунуш кылган. Мамлекет башчы алар менен 15-июлда аңгемелешүү өткөрүп, 2 талапкер боюнча материалды кайтарып берип, 12 судья боюнча кеңештин сунушун колдогон.
Тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен өлкө башчы 18-июлда «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Жаңы шайланган Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.