Министрлик: 2015-жылдын 6 айында 44 миңдей мүйүздүү мал жасалма уруктандырылды

2015-жылдын 1-июлуна карата 442 жасалма уруктандыруу пункттары иштеп, 43 347 баш ири мүйүздүү мал уруктандырылса, 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда көрсөткүч 8455 башка көп. Бул тууралуу 21-июлда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын бардык аймактарда ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги малдын азыктуулугун жана тукумун жакшыртуу максатында кеңири масштабдуу иштерди алып барууда. Министрлик боюнча эл аралык уюм тарабынан республиканын аймагына 220 баш кунажын, 16 баш асыл тукум бука алынып келинип, 10 асыл тукум фермасына таратылып берилген. Ошондой эле 2 швиц, 2 симментал, 2 баш абердин-ангус тукумундагы букалар “Элита” малды жасалма жол менен уруктандыруучу республикалык асыл тукум станциясына бөлүнүп берилген. Кээ бир фермердик чарбалар өздөрүнүн күчү менен симментал жана швиц тукумундагы букаларды алып келүүдө",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Izdeim_seni.
2015-07-21 17:55:30
во,кандай жак шы жанылык. Элибиз малга бай болсун,пейли кенен болуп,жерибизде тынчтык болсун.
+2
Maks_shop
2015-07-21 19:46:47
Не бука жокпу уйларга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан