Бүгүн, 22-июлда кыргыз өлкөсүнүн Юстиция министрлигинин демилгеси менен даярдалган 2015-2018-жылдар аралыгындагы калктын укуктук маданиятын агартуу боюнча стратегияны тааныштыруу иш-чарасы башталды. Стратегия Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасы (ПРООН) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыз өлкөсүндө сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү" жана "Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу" долбоорунун колдоосунда даярдалган.
Бул долбоорлордун алкагында БУУнун "Өнүктүрүү" программасы массалык маалымат каражаттарынын арасында сынак жарыялап, ондогон гезит, радио, телевидениенин өкүлдөрү сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Маалымат каражаттары 7-10 ай аралыгында укуктары бузулган калктын аярлуу катмары, зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын сот адилеттигине жетпеген жагдайларын чагылдырып, калктын укуктук маданиятын агартууга салым кошмокчу. Ондогон ЖМК өкүлдөрүнүн арасында "Супер-Инфо" гезитинин кабарчылары дагы иш алып барып, окурмандардын укуктук маданиятын жогорулатууга күч жумшайт.