Жаштар Данияр Нарымбаевди камакка алуу талабы менен митингге чыгышат

Эртең, 23-июлда жаштар Башкы прокуратуранын алдына президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди камакка алуу талабы менен митингге чыгышат. Уюштуруучулардын бири Мелис Аспековдун SUPER.KG порталына билдиришинче, митинг Нарымбаев камакка алынмайынча улантыла берет. Аспеков Нарымбаевге чара көрүлбөсө, прокуратуранын алдына боз үй тигип, ачкачылык жарыялоого барышарын айтат.

"Биз Нарымбаевди камакка алууну талап кылабыз. Эгерде аткарылбаса, боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз. Ошондой эле башкы прокурор Индира Жолдубаеванын да кызматтан кетүүсүн талап кылмакчыбыз",- деди активист.
Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Депутат Коркмазов учурда СИЗОдо.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева да жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
edu.k
2015-07-22 11:37:01
Эн туура! Камалыш керек мыйзам алдында жазаасын алыш керек ким болсо да! Мыйзам баарына бирдей чиновникпи жонокой жаранбы баары мыйзамга баш ийуубуз керек.
+6
ertur
2015-07-22 11:53:31
Эмнеге Нарымбаевге мыйзам чегинде чара корбойт, АША коррупцияга каршы аесуз курош жарыялады элего, Президент ошондо озуно тиешелуулорго, Нарымбаевге тийбейби, далилдер жетиштууго, же АШАнын коррупцияга каршы убадасы куру созбу Каркыраны кайтарып алам дегендей
+7
kemel81
2015-07-22 12:13:36
ertur,АША коррупцияга эмес ,оппозицияга эле курош жарыялаган болсо керек.
+5
Sizge.kat
2015-07-22 12:01:01
Баш прокурор чоп жеп журобу
+8
marmiladka9
2015-07-22 12:28:22
Sizge.kat, )))) ошол Индира айымдан дайын жок го...?
+7
Xardinguch
2015-07-22 12:24:30
Муну дагы качырып ийгиле )))
+3
bolotbai
2015-07-22 12:38:10
Баш пркурор Индира Нарымбаеге тиши отбойт,себеби Индира карындашты Нарымбаев прокурорлукка турткон.Так что баардык бийликтин башчылары сасып буткон.Индира карындаш бес вести пропала че то.Камалсын Нарымбаев закон баарына бирдей,камалбаса мына биз да жаштарга кошулуп митинг кылабыз.
+6
Parish
2015-07-22 12:42:24
Куноосу барбы нары бери
чойбой отургузуш керек.
Бир кембагал болгондо
тобосуно торт уруп турмонун торунон орун
бермек.
+4
kyrgyz.93
2015-07-22 13:39:30
Туура камаш керек индираны кошуп митикке
+3
joni.joni
2015-07-22 13:46:31
наарынбаевти камаса Ал даагын бироону тартат.Паровоз коркмазов Ал еми вагондор нарынбаевтен башталат.Сдпк ак уйдон сизону коздой жоноп калбаса еле болгону.ордоктой тизилип.
+4
vanga_78
2015-07-22 14:39:16
Коммент.жазгандар аранарда деги юрист барбы?Менин атым Данчик,бир таанышым бар Коркпос деген, анан ошол Коркпос 100мин АКШ долларын пара катарында алып жаткан жеринен кармалды.Тергоо амалынын натыйжасында ал таанышым мындайча корсотмо берди:бул акчаны Данчике бермекмин, себеби ал мага ортомчу болуп ушул суммадагы акчаны Нарынгулдон алып бер деген.Анан Данчиктин суранышы боюнча мен алып жаткан жерден кармалдым.ЭМИ СУРООМ МЕНИ КОРКПОСТУН КОРСОТМОСУ БОЮНЧА КАМАГАНГА МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРЕБИ?
-4
sezimay
2015-07-22 15:05:50
эми ал да ооруп калат баягы шылтоо, балээге калган уй камагы
+1
Shanson
2015-07-22 15:29:36
Германиядагы ооруканалар бир палата бошотуп коюптур дейт "Жакында бир пациент келет", - деп. )))
+1
ertur
2015-07-22 16:20:48
Негизи бул дуйнодо акыйкаттыкты издейм деген инсан жанылат экен, анткени кыргызстандын шартында муну чиновниктер кун сайын далилдеп жатышат
0
Nuranna_93_kg
2015-07-22 17:34:01
Жазасын алсын!Дагы бир тешикке кире кача элегинде кармашсын.
0
Odik11
2015-07-22 19:31:30
Болду эми боз уйду чечип, тамагынарды иче бергиле. Данчик кирип кетти тиякка.
0
AiBoru
2015-07-23 12:01:35
Индира АШАнын адамы болсо аны жумуштан кетирмек беле. Жаш сулуу бойдок болсо....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан