23-июлда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

Эртең, 23-июлда оңдоо иштерине байланыштуу саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, борбордогу Байтик баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Максим Горький, Жукеев-Пудовкин жана Кокон көчөлөрүндө, ошондой эле Октябрь райондук администрациясы, №5-Өрттөн куткаруу бөлүмү, "Учкун" басмаканасы, "Бишкек жылуулук борбору" акционердик коомунда ичүүчү суу токтотулат.

“Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан, мекеме-уюмдардын кызматкерлеринен кечирим сурайт жана суу толтуруп алууну суранат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан