Бүгүн, 22-июлда Бишкек-Балыкчы жолунун оңдоодон өткөн бөлүгүн ишке берүү
аземинде президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп жатканда жергиликтүү аксакал президенттин сөзүн бөлдү. Төшүнө бир нече медаль тагынган карыя отургандардын арасынан туруп, "сизге айта турган сөзүм бар, сиз менен сүйлөшөм” деп кайрылды. Аны дагы сүйлөөгө өлкө башчынын жан сакчылары мүмкүнчүлүк бербей, токтотуп коюшту. Бирок мамлекет башчы
аксакалдын арызын иш-чаранын аягында келип угарын билдирди.
Андан соң өлкө башчы аксакал менен өз ара сүйлөштү. Белгилүү болгондой, уюштуруучулар иш-чаранын астында элден президентке болгон кайрылууларды чогултуп алышкан. Ал эми жогорудагы аксакал президентке эч кандай кайрылуусу жок экенин билдирген.