Сентябрдан тартып эмгек тажрыйбасы жогору жана 1-топтогу майыптардын пенсиясына 500 сомдон кошулат

"Сентябрдан тартып эмгек тажрыйбасы жогору жана 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин пенсиясына 500 сомдон кошулат. Ал эми калган бардык пенсия алуучулардын пенсиясын 250 сомго жогорулатуу каралып жатат". Мындай сөзүн Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган мекеменин 22-июлдагы кеңейтилген отурумунда айтты. 
Төрага Социалдык фонддун негизги милдети пенсионерлерди жетиштүү деңгээлде пенсия менен камсыз кылуу экенин белгиледи. "Бүгүнкү күндө мамлекетибизде төлөнүп жаткан пенсиялардын деңгээли жетиштүү деп айтуудан алыспыз. Ошого карабастан, пенсия өлчөмү жыл сайын өсүп жатат",- деди Абылгазиев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUMTOR1
2015-07-22 13:05:13
Мугалимдердикинда түзүкүраак көбөйтсө б.т!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан