Нурбек Токтакунов: "Милиция менен сот калкка сантехник, куруучу, мугалим сыяктуу эле кызмат көрсөтүүчү катмар, бирок биз буларды Кудай сезип алганбыз"

Бишкекте бүгүн, 22-июлда өтүп жаткан калктын укуктук маданиятын агартуу боюнча түзүлгөн стратегияны тааныштыруу иш-чарасынын биринчи бөлүгүндө жарандардын учурдагы укуктук билиминин деңгээли тууралуу талкуу болду. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов буларды айтты: 
"Бийлик, сот өкүлдөрү, укук коргоо органдары калкка сантехник, жол оңдоочу, үй куруучу, мугалим сыяктуу эле кызмат көрсөтүүчү катмар. Алар элге Конституцияда жазылган мыйзамдардын негизинде кызмат көрсөтүп, жарандардын укуктук социалдык маселелерин чечип, мүдөөлөрүн аткарып берүүлөрү керек. Бирок аталган кызматтардын өкүлдөрүн эл, тилекке каршы, Кудай сезип алган. Анткени алардын элге болгон мамилеси ушундай. Бул маселени чечиш үчүн карапайым элдин укуктук маданиятын, билимин жогорулатуу - негизги талаптардын бири".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jypargul
2015-07-22 13:44:36
Кайра - кайра окуп да түшүнбөдүм . Карапайым калк аларды Кудай сезип алган дегени эмнеси ? !
-2
Rifle
2015-07-22 21:31:18
Акылдан тайганы. Кудай деген жалгыз, жаратуучу. Эч кимди Кудайга тенеп болбойт.
Милиция, сот сантехниктен билимдуу келет.
0
Edik_86
2015-07-22 15:36:18
милиция прокурор соттор оздорун кудай сезип алган карапайым элге дейт
0
Wolf_ero
2015-07-22 15:38:45
Туура создор
-1
Sadyrov_n93
2015-07-22 22:44:03
Мен учун катардагы эле адам,ким экен мага алар.
0
bah_tee
2015-07-26 16:40:03
Жоок алар оздорун бийик сезишет алардын элдин астында кыпынчалык сыйы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан