Өкмөт жооп берет: Орусияда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары патент алуудан качан бошотулушат?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Орусияда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары патент алуудан качан бошотулушат?

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти менен эле Орусия Федерациясынын Президенти кол койду. Эми биримдикке башка мүчө мамлекеттердин башчылары (Казакстан, Беларусь жана Армения) кол коюшу керек. Андан соң Евразиялык экономикалык комиссия бизге атайын кат жиберет. Мына ошондон кийин гана Орусиядагы мигранттар патент алуу милдетинен бошотулушат. "Калган мамлекет башчылары келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга бул күнү кол коёт" деп айта албайбыз. Ошентсе да жакынкы күндөрү кол коюшат деген үмүттөбүз.  

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Миграция саясаты башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Сартбаев жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
mer88
2015-07-22 17:24:37
нарынбаев камалыптыр го СУПЕР неге артта калып жатасынар жазбайсынар маалымат берсенер жакшы болот эле
+1
admin_portal
2015-07-22 17:30:19
mer88, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/119425/
+1
mer88
2015-07-22 17:33:47
admin_portal,Рахмат админ дайым алдыда жана биринчи болгула
0
Savai80
2015-07-22 18:57:48
mer88, менимче Супер Инфо порталы кабарларды башка маалыматтык сайттарга караганда эскирип кете элегинде батыраак алып чыгып атат
0
Book
2015-07-22 17:41:29
Алдап эле атышат,алдап эле жатышат,дагы канча созулат белгисиз......күтүп эле атабыз,алданып эле жатабыз...бийлик шайлоо оюну менен алек,астынкы бал менен өтөбүз деп парламентке деп мигранттарды да кыйнашты пайдаланышып.дейин дегеним бири келип бир кол коюп кетет мына биз кыйраттык деп,экинчиси келип 2 кол коет,барат кыйраттык деп,Мигранттар бул союздан женилдик күтпөгүлө....
+2
kuba1
2015-07-22 18:09:34
Book,туура айтасын булардын кайсы калпына ишенерибисти деле билбей калдык
+4
Minhi
2015-07-22 18:32:17
Эмнеге ошону тездеткенге аракет кылышпайт Армения 2 айда толук кошулуп кеттиго Кыргызстан 2 жылдан бери аны муну эле шылтоо кылат?
+1
mirgulaika
2015-07-22 18:52:37
кара тизме качан жоюлат экен айтып койосуздарбы сураныч
0
Minhi
2015-07-22 19:00:52
mirgulaika, кара тизме жоюлбайт.азыр Россияда документи бар 20 кыргыз жарандарыны депорт кылып салды 9 июльда
0
boston___
2015-07-22 21:39:44
Эчким эчкимди алдаган жок баарыле ошол кол коюшун кутуп жатышат кол коюлсада бир нече убакыттан кийин кучунно кирет мисалы бир ай без регистрация журотурган болдук ошону деле 19 июнда кол койуп 19 июлда ишке кирдиго
+1
mister
2015-07-23 00:28:30
boston___, 30 кун регистрцияга турбай турист катары барсан журо аласын. Ал эми жумуш боюнча барсан мурунку боюнча эле экен. Ошол жагын эске алсанар...
0
gul-bibi9109
2015-07-22 22:34:36
Эми дагы канча журуш керек андан кору патентке эле уруксат берсе жасатып иштей бермекбиз,канчалаган адамдар уйдо олтурат келип алышып,кечке куттушот бул эми дагы канча кун уланат
+1
nura.177
2015-07-23 00:24:55
Мен жаман кутуп чарчадым,ушуну мурда эле айтышса окмот кокуй бизге ишенбей тирилигинерди кыла бергиле десе биз давно патент алып иштей бермекпиз. Тим эле майдан баштап женилдик болот деп бизди да кыйнашты
+1
batma200294
2015-07-23 00:58:52
Окмот жооп берет болумун таппадым,супер инфо кара тизмеден 40миндей жаран чыгарылат ,10кун ичинде кучуно кирет деп макала чыкты эле,эмне болду,ушул суроону берип коесуздарбы
0
admin_portal
2015-07-23 12:08:51
batma200294, саламатсызбы!
Жооп алып бергене аракет кылабыз.
0
jora-jora
2015-07-23 20:11:38
batma200294, менда кара тизмеде турам. Бир дейинен баары чыкпайт экен августун 31 не чейин чыгат миш болтат
0
batma200294
2015-07-23 00:59:37
Адашпасам 49000дей жаран
0
bolush11
2015-07-23 08:14:37
Баары калп менин женем 2 жыл мурда москвадан кеткен кара тизмеге тушкон 3 жылга кечээ билет алып жоноп кеткен кайра кайтып келди так что мен ишенбей деле калдым
0
daniel87
2015-07-23 18:36:03
Достор Екатеринбургдагы жердештер баардык жерде прописка менен эле ишке алып жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан