Жолго туш келди таштанды төккөн Бишкектин тургунуна 2000 сом айып пул салынды

Жолго туш келди таштанды төккөн Бишкектин тургунуна 2000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 22-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан Матыев көчөсүндөгү №85-үйдүн ээси үйүнүн түштүк-батыш тарабына жана жолдун өтмөгүнө инерттүү таштандыларды таштагандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында үйдүн ээси А.Шкалинанын атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилген. Ленин райондук административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында аталган үйдүн ээсине 2000 сом өлчөмүндөгү айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AiBoru
2015-07-23 13:18:59
Молодцы. Давно ушундай кылуу керек болчу. Мен коптоон бери бери ушул идеяны ойлоп жургом. Тазалыкты сактабаган арбир жаранга ушундай чара корулсо, коомубуз таза болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан