Бишкектеги Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов жана Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев райондун Баатыр энелерине Баатыр эне орденинин жана Эне даңкы медалынын күбөлүгүн тапшырышты. Бул тууралуу 22-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Өз сөзүндө район башчылары энелердин келечек муунду тарбиялоодо, мамлекетти өнүктүрүүдө орду жана салымы зор экенин белгилеп өтүштү. Ошондой эле аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана узак өмүр каалашты.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “7 жана андан ашык баланы тарбиялаган энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “6 баланы төрөп өстүргөн энелерди Эне даңкы медалы менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.