Атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнүн машыгуулары башталды

Атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнүн машыгуулары башталды. Муну бүгүн, 22-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалым болгондой, бүгүн мекеменин Борбордук аппаратында «Бөгөт-2015» айкалыш көрсөтмө сабагынын 1-фазасы өттү. Иш-чараны Чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги борбору менен биргеликте экинчи ирет өткөрүүдө. 

1-фазанын жүрүшүндө машыгуунун негизги максаты катышуучуларга жеткирилди. Машыгуулардын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн Баткен облусунун чек ара кошуундарынын жетекчилери жана жергиликтүү эл менен телекөпүрө түзүлдү. Анда чек арага байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

«Бөгөт-2015» айкалыш көрсөтмө сабагынын 1-фазасынын негизги максаты - мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу операциясына даярдык жана аны ишке ашыруу, аскерлерди башкаруу, өз ара аракеттерди уюштуруу жана камсыздоонун бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча теориялык такшалуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан