Бишкектеги антитеррордук операциядан улам келтирилген чыгым 6,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө боюнча чыгымдарды Биринчи Май райондук жарандык коргонуу комиссиясы эсептеп чыккан. Учурда үй ээлери менен бирге жаңы үйдүн долбоору каралып жатат. Шаар бийлиги болсо курулуш иштери кийинки жумадан тарта башталарын билдирди.
Айта кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде куралчан согушчандар менен атышуу болгон. Андан "Альфа" атайын кызматынын 4 жоокери жаракат алып, согушчандардын бешөө өлтүрүлгөн. Ал эми 7 адам кармалган. Алар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталган.
Кылмыштуу топ 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн.