Өлкөдө электр энергиясын колдонуу акыркы 12 жылда 29,7 пайызга жакын өскөн

Өлкөдө 2002-жылдан 2014-жылга чейин электр энергиясын колдонуу 29,7 пайызга жакын көрсөткүчкө өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда 2015-2016-жылкы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүгө арналган жыйындын жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков билдирди. Анын айтымында, калк тарабынан пайдаланылган электр энергиясы эки эсе өсүп, 3,2 миллиард киловатт-сааттан 6,7 миллиард киловатт-саатка жогорулаган.

2015-жылдын январь айынан июнь айына чейин Бөлүштүрүүчү электр компанияларына 5902,98 миллион киловатт электр энергия келип түштү.

2007-жылдан 2014-жылга чейин электр энергиясын жоготуу 36,2 пайыздан 16,5 пайызга түшкөн. Бул көрсөткүч 4,8 миллиард сомго барабар”,- деди орун басар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан