Министр: “Быйылкы жылдын жылытуу мезгилинде 1,4 миллиард метр куб суу үнөмдөлдү”

2014-жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын 1-апрелине чейин жылытуу мезгилинде 1,4 миллиард метр куб суу үнөмдөлдү. Муну бүгүн, 23-июлда 2015-2016-жылкы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүгө арналган жыйындын жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, быйыл кыштан чыгуу кыйынга турду.   

Электр энергиясын 20 пайызга кыскартуу жана 1,4 миллиард метр куб сууну үнөмдөө менен биз быйылкы кыштан 6,4 миллиард метр куб суу менен чыктык. Апрель айында Токтогулдагы суу минималдык көрсөткүчкө түшүп, 6,2 миллиард метр кубду түздү. Айта кетсек, 2014-жылы ушул маалда биз 9 миллиард метр куб суу менен чыкканбыз. Башкача айтканда, айырма 2,8 миллиардды түзгөн, бирок бүгүнкү күндө жогорудагы айырмачылык жоюлду. Учурда Токтогулда суунун көлөмү 11,3 миллиард, былтыр ушул маалда 11,4 миллиард метр куб суу болгон. Бул жакшы көрүнүш”,- деди министр.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан