“Былтыр тендерлердин үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Бишкек жылуулук борбору кышты 70 миң тонна көмүр менен тосуп алды. Башкача айтканда, декабрь айында 7 күнгө жетерлик гана камдык менен болгонбуз”,- деди бүгүн, 23-июлда жыйындын жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө көмүрдүн камы 111 миң тонна көмүрдү түзөт.
“Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда үч эсе көп. Ал эми мазут боюнча айтсак, Бишкек жылуулук борборунда керектүү делген 22 миң тонна мазуттун ордуна 17 миң тонна бар. Калган 5 миң тонна мазутту алуу үчүн келишим “Кыргызнефтегаз” менен түзүлдү”,- деди Турдубаев.