“Электр станциялары” ачык акционердик коому “Газпром Кыргызстан” ишканасына 405 миллион сом карыз

“Электр станциялары” ачык акционердик коому “Газпром Кыргызстан” ишканасына 405 миллион сом карыз. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда жыйындын жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев билдирди. Анын айтымында, карыз өтүп кеткен жылытуу мезгилинин жыйынтыгы менен пайда болгон. 

Газпром Кыргызстан” ишканасы менен консультациялар өткөрүлүүдө. Бүгүн-эртең биз карыздарды жоюу боюнча иш-аракеттерди көрө баштайбыз. Алдын ала белгилүү болгондой, биринчи транш менен карыздын 150 миллион сомун төлөп беребиз. Кийинки жылытуу мезгилине чейин карыздан толук кутулууну көздөп жатабыз. Муну менен катар кийинки жылытуу мезгилине карата газдын баасын Бишкек жылуулук борбору үчүн арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен жүрүүдө”,-деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан