Бүгүн, 28-февралда мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров жана анын жардамчысы Тахир Мирзахмедов боюнча кийинки соттук отурум 7-мартка белгиленди. Бул тууралуу аталган айыпталуучулардын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Айтымында, сот иши Мирзахмедовдун ден соолугуна байланыштуу жылдырылды.