Бүгүн, 3-сентябрда Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) расмий сайтында август айына карата дүйнөлүк рейтингди жарыялады. Бул рейтингде мамлекетибиздин улуттук курама командасы өткөн айда ээлеген 156-орундан 155-орунга көтөрүлдү. Августта оюн өткөрбөгөнүнө карабай алдыга жылган кураманын карамагында 160 упай бар.
Ал эми бүгүн, 3-сентябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда футболчуларыбызга каршы турчу Иордания курамасы дагы 1 орун алдыга жылды. Өткөн айда 92-орунду ээлеген иорданиялыктар бул жолу 91-орунду ээлешти.