Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 96-орунду сактап калды. Бул тууралуу ФИФА уюмунун сайтына жарыяланды.
Бул рейтинг апрель айындагы рейтингден дээрлик айырмаланбайт. Коронавирус пандемиясынан улам спорттук иш-чаралар убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу "Ак шумкарлар" оюн өткөрүшө элек. Аларда 1 миң 240 упай бар.
Ал эми Азия футбол конфедерациясынын (АФК) өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз курама командасы 15-орунда турат.
ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Бельгия (1765 упай) командасы жайгашса, Франция (1733 упай) курамасы экинчи орунга жана Бразилия курамасы (1712 упай) үчүнчү орунга жайгашты.