Футбол боюнча улуттук курам эл аралык рейтингде 106-орунга көтөрүлүп, жаңы рекорд жаратышы мүмкүн

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 3-декабрда жарыялана турган рейтингинде футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы 18 орун алдыга жылып, 106-орунду ээлейт. Мындай божомолду рейтинг боюнча анализ жүргүзгөн football-rankings.info басылмасына таянып КРнын Футбол федерациясы кабарлады.

Маалым болгондой, мындай ийгилик кыргыз футболчуларынын рейтингде 82-орунду ээлеп турган Иордания курамасын утканынан улам жаралат (1:0 эсебинде утту). Ошондо улуттук курамдын эсебине дагы 47 упай берилет. Эгер ушундай көрүнүш каттала турган болсо, улуттук курама 209 мамлекеттен турган рейтингде жаңы рекорд жаратат. Буга чейинки рекорд 119-орун болуп келген (2006-жыл, август айы).

Кошумчалай кетсек, 5-ноябрда жаңыланган рейтингде курамабыз эсебиндеги 277 упай менен 124-орунду ээлеген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
gulaza
2015-11-20 18:38:16
Жакшы колдойлу аракет кылсак берилет!
+6
Urmat-1989
2015-11-20 18:42:54
оо мына сага жанылык алдынкы жуздукко киребиз буюрса
+9
beben
2015-11-20 18:43:59
Жакшы жанылык ийгиликтер боло берсин жакшы кабар уксам КР жонундо озунчо жылмайуу пайда болуп суйунуп алам .
+6
Mars55
2015-11-20 18:50:19
Колдоо керек, бир жылда ушунча которулсок дагы эки уч жылда 30-орунга жакындайбыз.
+8
bekbolot.kg
2015-11-20 19:10:20
Эми ушундай темпте эле кетсек болгону. Мамлекет да жардам берип Жаны стадиондорду куруп жаштарды спортко болгон кызыгуусун арттырыш керек.
+8
togotoy2015
2015-11-20 20:26:31
Алга Кыргызстан, мындай ийгиликти жаратууга колдоо корсоткон бирден бир Кыргызстандын патриоту Аскар Салымбеков
+5
soccer_boy95
2015-11-20 20:48:48
Александр Крестинин молодец,сага кыргыздардан салам,
+6
DIMARAT
2015-11-20 21:09:55
суйунуп козго жаш алып окуп жатам футбол десе оломго олом крестин жана кыргыз футболистерине чоон ыраазычылык
+6
312-banda
2015-11-20 21:37:00
Европодан эле бир машыктыруучу алып келсе мындан дагы коп ийгиликтерге жетпек
-7
nursultan1
2015-11-20 22:17:12
312-banda, биринчиден европалык менеджер алып келүү үчүн көп акча керек, экинчиден Крестинин жакшы адис экенин даже Европалыктардан күчтүү экенин далилдеди, үчүнчүдон футболдо жалгыз тренер эч нерсени чече албайт.
+4
312-banda
2015-11-20 22:34:11
nursultan1, дуйно чемпионатына чыкпай калдыго каякта
-1
Bakyt.92
2015-11-20 23:10:36
312-banda,
за то результаттар жакшы болуп жатат го
+3
nursultan1
2015-11-20 23:12:36
312-banda, дүйнө чемпионатына кезинде Испания дагы чыкпай калган, бул биздин футболдун башталышы десек жарашат, кезеги келгенде буйруса Азия жана дүйнө чемпионатында Кыргызстан деген өлкө ойноп калат. Ал үчүн футбол өнүгүшү керек, кантип - жакшы футбол академияларын, мектептерин түзүү керек. Азыркыдай курам менен Азияда жакшы оюн көрсөтсө болот, бирок чынын айтыш керек дүйнө эл
+3
zheentaev
2015-11-21 09:51:50
nursultan1, Ош шаарында эл аралык денгээлдеги футбол академиясын куруу иштери башталды. Ал бутуп калса Кыргыз футболунун онугушуно чон салым кошот деген ишенимдебиз.
+2
chyngyz-KG
2015-11-21 02:40:16
312-banda, Ойлосон футболду европалыктар 150 жылдан бери ойношот.Кыргыздын улуттук оюндарын алар ойносо чемпион болмокбуз.Акырын болот эми торолуп жаткан балдар мумкун мыкты футбол корсотуп калар
+2
Talantchik
2015-11-21 10:34:52
Кыргыз футболчуларына дуйнолук чемпионго чыгууга бир шанс бар!
+1
briliant87
2015-11-21 11:03:49
Мына сага жанылык
0
spb-jarygym
2015-11-21 11:33:37
кудай кааласа, № 1 болобуз!!!
+2
Lexsus
2015-11-21 12:27:07
Антон Землнухинге окшогон футболистерибиз чыга берсе, буйурса мынданда которулобуз! Акыркы кундор буткул Кыргыз элим футболго конул буруп, массавой коруп калдык. Бул жакшы корунуш!
+2
chr1s8rown
2015-11-22 00:07:56
ктр ХХХ не реал - барсаны анонс кылып алып койбоду . ага ишенип уйго келип алыпмын. бир саат куттум. канча нервим кетти. ген.директору ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2015-11-23 14:51:33
chr1s8rown - эскертүү!
Коомдук этикага туура келбеген, кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
balzak
2015-11-22 12:27:47
негизи жакшы жанылык, алга Кыргызстан!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан