Бакыт Төрөбаев: "Биз жарык саясат жүргүзөбүз"

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы үгүт кампаниясын Талас жергесинен баштады. Партиядан билдиришкендей, алгач партия төрагасы Бакыт Төрөбаев баштаган “өнүгүүчүлөр” "Манас Ордо" комплексинде болушуп, куран түшүрүшүп, зыярат кылышты. Андан кийин эл менен жолугушуу Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо уланганы маалымдалды.
Партия лидери таластыктардын алдында сөз сүйлөп жатып “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы антикризистик программа менен чыгып, кризиске каршы майнаптуу программаны сунуштап жатканын, анын негизги максаты тышкы ойго келбес окуялардын шарттарында ар бир жарандын жашоо деңгээлин жогорулатуу экенин айткан. Анын билдиришинче, программа комплекстүү жана турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтуу менен Кыргыз Республикасынын географиялык чектеринен чыгып кетет жана ЕАЭСтин керектөө рыноктору менен тыгыз чырмалышкан.
"Ошондой эле абдан маанилүү нерсе – мамлекеттин энергетикадагы, тоо-кен жана агрардык өнөр жайындагы, аэропорттор менен темир жолдорду кошуп алганда башка инфратүзүмдөрдөгү чачыранды активдерин топтоо максатында "Калк-Казына" мамлекеттик акционердик коомун түзүү. Бул өлкөбүздөгү ишканалардын потенциалын жана башка экономикалык ресурстарды кыйла майнаптуу пайдаланууга мүмкүндүк берет",- деди Бакыт Төрөбаев.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан