Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү бардык аймактарда арышын кеңири таштоодо. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын маалымат кызматы партия үгүт сапарын Манас бабабыз жердеген касиеттүү Талас аймагынан баштаганын билдирет. Мындай чечимдин олуттуу себептери бар экени: биринчиден, Манас атабыздын күмбөзү жайгашкан Талас жергеси кыргыздын Меккеси деп аталат, экинчиден, таластыктар саясий активдүүлүгү менен айрымаланары белгилүү жана өлкөбүздөгү үй-бүлөлүк башкаруунун кулашына, саясий системди өзгөртүүгө олуттуу салым кошушканы айтылды.
Намыскөй таластыктар саясий партиялар арасында алгачкы болуп салам айтып, ал-жай сурап келген “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевди жана анын сапарлаштарын көтөрүңкү маанайда урмат-сый менен тосуп алышып, ат мингизип, колуна куш карматышканы маалымдалды. Ушундай маанайда кабыл алууга ыраазы болгон Бакыт Төрөбаев: “Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганыбыз өлкөбүз үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана айыл чарба тармагы жакынкы жылдарда мамлекетибиздин экономикасында локомотивге, тагыраак айтканда, кыймылдаткыч күчкө айланат”,- деп билдирди.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.