* Мындан 377 жыл мурун, 1638-жылы атактуу америкалык Гарвард университетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон англиялык миссионер Жон Гарвард 30 жашында каза болгон.
* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы Орусиянын 3-президенти Дмитрий Медведев Ленинградда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Бир үйдүн жалгыз баласы болгон. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгон Дмитрий 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1990-жылы ошол эле университеттин аспирантурасын аяктаган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы англиялык ырчы, музыканын R&B, соул, жаз жанрларында ырдаган Эми Уайнхаус Лондондо төрөлгөн. Ырчынын экинчи "Back to Black" аталыштагы альбому 6 "Грэмми" сыйлыгына татып, Эми Уайнхаус "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп "Грэмми" сыйлыгын алган биринчи жана жалгыз англиялык ырчы катары киргизилген. 2011-жылы 23-июлда ырчы Эми Уайнхаустун жансыз денеси Лондондогу үйүнөн табылган. 27 жаштагы Эми Уайнхаус баңгизатын көп өлчөмдө колдонгондугунун натыйжасында каза тапканы айтылган.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы америкалык актёр, бийчи жана аткаруучу Патрик Суэйзи 57 жашында оорудан улам көз жумган. Патрик Суэйзи 1952-жылы 18-августта АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында туулган. Ал "Грязные танцы" (1987), "Привидение" (1990), "На гребне волны" (1991) тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен. Андан сырткары актёр "Зверь", "Копи царя Соломона", "Последний танец", "Чёрный пёс", "Отчаянный папа", "Город удовольствий" ж.б. тасмаларына тартылган. Ал эми 1991-жылы америкалык "People" журналы Патрик Суэйзини "Жылдын сексуалдуу мырзасы" деп атаган.