"Өнүгүү-Прогресс" партиясы жаңы конуштардын көйгөйлөрүнө олуттуу көңүл бурат

Бишкектин тегерегинде 24 жыл ичинде 50гө чукул жаңы конуштар пайда болгон. Алардын баарынын көйгөйлөрү бүгүнкү күнү бирдей: таза суу, жарыктандыруу, жолдор, кээ бир мыйзамсыз жер тилкелери. Жаңы конуштун тургундарынын бул маселелери жылдап чечилбей келет. Дал ушундай маселелердин өзөктүүлөрүн чечүүгө багыттала турган долбоор “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын платформасында бар. 
Ак-Босогонун тургундары атайын убакыт бөлүп, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын лидери менен жолугушууга келишти. Маселелер жылдап чогулуп калгандыктан, айтылган сунуштар да көп болду. 
Партия элге “Жарык шаар” долбоорун кеңири тааныштырды. “Бүгүн бул долбоор конуштар үчүн өтө керек. Долбоордун биринчи бөлүгү ишке ашкан. Ал эми “Жарык шаарга” болгон тилек “Жарык саясатка” да таасирин тийгизет. Мамлекеттик башкаруу таасирдүү болсо, кандай гана долбоор болбосун иштеп кете алат. Ар бир иште жоопкерчилик менен ачыктык керек",- дешти партия өкүлдөрү. 
Партиянын максаттарын жана буга чейинки башталып калган иштерин угуп жаткан тургундар конуштарга таптакыр көңүл бурулбай келе жатканына, жетекчилердин көңүл коштугуна сөздү бурушту. Алар “Азыр ким маселени чече алат? Программасы такпы?” деген суроолорду беришүүдө. Мына ошол негиз менен добушун бере турганын айтышууда. Жолугушууга келгендер партиянын демилге программасына ынанымдуу карап турушту. Партиянын курамы маселенин түйүнүн чече ала турган демилгелүү жаштардан, максаты бар адамдардан куралган. 

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан