Аламүдүн райондук соту Абдулла Юсуповду 17 жылга эркинен ажыратты

1-мартта Бишкек шаарындагы Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрель окуясы учурундагы талап-тоноо фактысы боюнча айыпталып жаткан Абдулла Юсуповду 17, Абдували Акжолов менен Азамат Шергазиевди 13 жана Дастан Оморовду 16 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Маалыматтар боюнча, айыпталуучу тараптын жактоочулары мындай чечимге макул эместиги боюнча шаардык сотко арыз менен кайрыла тургандыктарын билдиришти. Айыпталуучулар ошондой эле "Манас" аэропортунун өкүлүн коркутуп, 7,5 миллион сом алуу жана экс-муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдон акча талап кылуу кылмышы боюнча да күнөөлөнүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан