СССРдин Эл артисти, "Цыган" тасмасында Будулайдын ролун ойногон актёр Михай Волонтир 82 жашында көз жумду. Бул тууралуу 15-сентябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда актёр өмүрүнүн акыркы айларында Бельцы шаарындагы ооруканада оор абалда жатканы, онкологиялык оору менен ооруп, көрүүсүнө таасирин тийгизчү диабет менен жабыркап келгени айтылат. Ошондой эле 1990-жылдардан бери көп жолу операция болгону, аыркы жылдары ал эч нерсени көрбөй калганы маалымдалат.
Ага карабастан Михай Волонтир 2014-жылга чейин театрда эмгектенип келген.
М.Волонтир 1934-жылы Молдавияда туулган. "В зоне особого внимания", "От Буга до Вислы", "Следы оборотня", "Цыган" жана "Возвращение Будулая" тасмаларында роль жараткан. Ал "Молдавия ССРинин Эл артисти", "СССРдин Эл артисти" наамдарына татыктуу болгон.