ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштеринин шаар элине жараткан ыңгайсыздыгы (фоторепортаж)

"Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери башталган күндөн тартып эле шаар элине ары-бери өтүүгө ыңгайсыздык жаратып келет". Окурман мындай пикирин SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу 15-сентябрда билдирди. Ошондой эле көпүрөнү курууда элге зыяны тийбеш үчүн эч кандай коопсуздук чаралары каралбай жатканын айтат окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
warsaw.
2015-09-15 20:08:26
Ыңгайсыз жаратып бүттү болушунча жок дегенде 3 жыл Мелис болгондо эчак эле бүтсө керек эле.
Ошол жерде басып же иштебегенден кийин манитордун ар жагында отуруп алып билбейсиңер да силер,ыңгайсыз еще как ыңгайсыз,бул ишти түнү-күнү иштеп болсо да бүтүрүш керек да элди кыйнабай,Чоңдор текшерип келет деген түнү иштетип башка күндөрү иштетпей акчаларын жеп бүт
+10
ulik-89
2015-09-15 20:34:26
Админдин озуно кантип кат жазам менин коп нерсеми чыгарбай жатат
-1
admin_portal
2015-09-16 10:11:15
ulik-89, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, жаза аласыз: http://www.super.kg/superstan/index.php?app=members&module=messaging&section=send&do=form
0
Nuranna_93_kg
2015-09-15 20:54:30
Ынгайсыздык жаратып эле,элди кыйнап бутту окшойт.Улам-улам эле сурап коем бутойун дедиби деп.
+3
aichurok5
2015-09-15 22:03:27
Ооба Мелис болгондо эчак жана туурасы эндуу болуп бутмок.
+3
medina.
2015-09-15 22:20:41
Мелис барда эле фундамент туптолбоду беле?Мелис тиги буу деп чыгасынар.Кандай пландалса ошондой курулат го?Эмне Мырзакматов долбоорун озу чийди беле.Атайын адистер иштеп чыккандыр акыры?!Кызык...Сабыр кичине чыдап койгула.Анан буйруса омур бою пайдасын коробуз.
-3
nura.177
2015-09-16 00:12:47
Туура тушунуп жазсанар ,ынгайсыздык жаратып жатканы чын, ошол жолдон ары бери элдер,адамдар каттап жататко ,кичине адамдарга да шарт тузуш керекпи анан. Сынаганда эмес ал жерден жаш балдар,улгайгандар отот, курулуш болгон жерде элдердин да ойлош керек. Биздин чондор ал жерден баспайтда. Качан эле буто турган копуро эле Мелис болгондо. Ал жерде баспагандар жаза бересинерда
+2
marmiladka9
2015-09-16 01:33:02
чындыгында эл кыйналды. бул копуро кийинкилиги кандай болот белгисиз илмийтип салып атышат. Кыскасы сапаты кумон!
+1
nurzada78
2015-09-16 03:28:37
Мурунку жолу эле жакшы эле,копуро курабыз деп,баарын баш аламан кылып ташташты!Баары жайында болуп,копуро эле жетишпей жаткансып!
+1
kushtarbek.9595
2015-09-16 03:30:49
дале боткон жокпу копуро?
0
AnarRazakovich
2015-09-16 08:04:01
Коопсуздук сакталган, тегерете тосмо тосулган. Копуро сапаттуу жана тез курулууда. Базарга кире турган, же отуп кете турган ал жолдон башка, ондогон жолдор бар, ошол жактан басса да болот. Тукумдан кыр издебегиле!
-2
sezim2009
2015-09-16 13:32:36
AnarRazakovich, Каяктагыны айтпачы ошол мостун жанында иштейм,сентябрда бутот деген октябрь келейтат дале буто элек,бизге эле кыйын болду.Мырзакматов болгондо эбак эле бутмок эле.
+2
ayko24
2015-09-16 13:41:07
sezim2009, Туура айтасын, мен да жанында иштейм, чанып бутушу кыйын болду, Мелис Мырзакматовду мэрликтен алып президент ото жанылышты. Коп адамдардын каргышына калды.
+2
asdf
2015-09-16 13:24:28
негизи силерге эч нерсе жакпайт Бутсо болду дагы эмне кылыш керек
-1
sezim2009
2015-09-16 13:28:09
ото коп кыйынчылык жаралды гоо
+1
bolotbai
2015-09-16 13:36:10
Тооба кылдым ким жоноткон бул кабарды?бир аз чыдамкай болгулачы!Башкалары чыдап эле келе жатат,суротко тарткан адам чыдабай калган окшойсун.Сага эмне ал жерге эскалатор куруп бериш керек беле копуро буткучо.Андан коро башка жанылык издесен боло,мисалы тескери илинген желек ж,б.
0
Gulya21
2015-09-16 15:40:24
Качан бутот экен мен ошко барганча бутуп калса сонун болмок ноябрьда барам сагындым ошту
+1
sekret94
2015-09-18 03:05:47
Уже курулуп калыптыргооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан