Садык Шер-Нияз: “Парламентаризм – кыргыз эли үчүн ийкемдүү систем”

“Парламентаризм системи Кыргызстандын өнүгүүсүндө абдан чоң мааниге ээ, анткени бул систем кыргыздын каада-салттарына, дөөлөттөрүнө төп келген ийкемдүү систем”,- деп билдирди Садык Шер-Нияз “Ата Мекендин” мүчөлөрүнүн Кызыл-Кыя шаарында эл менен жолугушуусунда.

Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Кызыл-Кыя шаарында “ата мекенчилер” менен жолугушууга 15 миңдей адам чогулду. Садык Шер-Нияз Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышында жана өнүгүүсүндө парламентаризмдин ролу жогору экенин, “Ата Мекен” партиясы парламенттик башкаруу системин колдоорун белгиледи.

“Президенттик башкарууну каалагандардын жана Баш мыйзамды өзгөртүүгө умтулгандардын негизги максаты – эски системге кайтып келүү. Бирок азыркы кырдаал өнүгүү жолун тандайт. Ал эми өнүгүү жолуна парламенттик башкаруу аркылуу түшөбүз”,- деди Шер-Нияз.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан