ЭЛДИК КАБАР: Айдаркен шаарында мектепке жакын жайгашкан мал базар окуучулардын сабак окуусуна тоскоолдук жаратат
Баткен облусунун Айдаркен шаарында №20-орто мектеп менен мал базар өтө жакын жайгашкан. Бекзат Токторов аттуу окурман мал базардагы адамдардын ызы-чуусу окуучулардын сабак окуусуна тоскоолдук жаратканын 18-сентябрда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.