Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын "Россия 1" телеканалында быйыл экинчи ирет уюштурулуп жаткан "Главная сцена" сынагынын кастингинен өттү. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ырчы тандоо турунда "Скажите, девушки, подружке вашей" жана "Я постелю тебе" аттуу чыгармаларды аткарган. Сынакка жалпысынан КМШ өлкөлөрүнөн 500дөй катышуучу келип, анын ичинен саналуулары гана тандалып алынды.
"Сынакка катышуу боюнча арызды жайында интернет аркылуу бергем. Алар 18-сентябрга, тандоо туруна чакырышкан. Кастингден 2 ыр ырдап бердим жана калыстар кийинки турга өткөнүмдү билдиришти. Эми 2-октябрда долбоордун тартуу иштери башталат. Билишимче, тартуу иштерине 2 ай убакыт кетет",- деди ырчы.
Кошумчалай кетсек, "Главная сцена" сынагы быйыл экинчи ирет уюштурулуп жатат. Алгачкы сезондо алып баруучулук милдетти ырчы Григорий Лепс менен шоумен Гарик Мартиросян аркалаган. Бул жолу долбоорду Наргиз Закирова менен Эрнест Мацкявичус алып барат. Ал эми калыстар тобун Валерий Леонтьев, Диана Арбенина жана Николай Носков түзөт.