Биз социалдык тармакта

Соттук процесстерди создуктурбоо сунушталууда

Жогорку Кеңештин сегиз депутаты жарандык иштер боюнча соттук процессти создуктурбоо тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Документте соттук отурумдардагы тыныгуунун узактыгы, катышуучулардын келбей калышынан кийинкиге жылдырылышы жарандардын чечимди айлап, жылдап күтүүсүнө аргасыз кылып жатканы белгиленет. Мындай учурда жарандарда жумуштан калуу, ар бир соттук отурум үчүн жактоочуга акы төлөө сыяктуу көйгөйлөр жаралары белгиленген.

Андыктан долбоор ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу сыяктуу иштердин каралыш мөөнөтүн кыскартуу, соттук отурумга видеобайланыш аркылуу катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү, тыныгууларды 10 күндөн үч күнгө кыскартууну көздөйт. Сот кийинки отурумду 15 күндөн ашык мөөнөткө белгилебөөгө милдеттендирилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан