ЭЛДИК КАБАР: Бүгүн Боомдо таштарды кулатуу иштери жүргүзүлгөндүктөн, бир сааттай унаа тыгыны болду

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлүп, бир сааттай унаа тыгыны болду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WattsApp аркылуу билдирди.

Айта кетсек, 18-сентябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасы 21-сентябрдан 30-октябрга чейин Бишкек-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 119-чакырымынан 132-чакырымына чейин таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөрүн алдын ала маалымдаган. Андыктан 21-сентябрдан 30-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан саат 10:00дөн 15:00гө чейин унаа жолу жабылары айтылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aydarov...
2015-09-26 16:10:33
Мен тан калам. Адашпасам жолдорду ондоп тузогон болчу эмнеге баарын за ранее пландашкан эмес.
-2
Truelensk
2015-09-26 17:21:13
aydarov...,жаан ношорлоп жааганда таштын алдындагы кум топуракты агызып кетет анан озунон озу кулайэлекте жолду жаап кулатып салышат го.
0
Yu-piter
2015-09-26 20:22:44
Адатта массалык-маалымат каражаттарынан эскертишип анан иш-чараны башташса.Биздикилер чай ичип отуруп эле кеттикпи деп тура калып чамданып иштешкендей туюлат.
+2
ruffo90
2015-09-27 19:43:43
Yu-piter, эскерткен. Эмне ар-бир уйго кирип айтып чыгыш керек беле?
0
kelechek.kg
2015-09-27 12:14:30
айтып ататко эскертуу берилген деп, кылбай койсо тушмойунчо жата бересинер дейбиз кылса эскерткиле дейбиз эх кыргызым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан