ЭЛДИК КАБАР: Нарын районунун Оттук айылында "Ыр кесе" өткөрүлдү

Нарын районунун Оттук айылында "Ыр кесе-2015" аталышындагы маданий сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WattsApp аркылуу байланышкан Чолпон Шабданова аттуу окурман билдирди.
"Иш-чарада 12 боз үй тигилип, 3 тай жана 10го жакын кой союлду. Саясаттан оолак болуп, маданий саамалыктын мыкты деңгээлде уюштурулганына Нарын мэриясынан келген өкүлдөр да баа беришти. Күз мезгили болгондуктан, жер-жемиштерди, эгиндердин түшүмдөрүн көргөзмөгө койдук. Мыкты жасалган улуттук тамактарга да сынак уюштурулган. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди",- деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан