“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарга жана шайлоочуларга кайрылуу жасады. Партиянын маалымат кызматына таянсак, партия лидери кайрылуусунда буларды айтты:
"Урматтуу мекендештер!
Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы аягына чыгайын деп калды. Чечим кабыл алчу күн да алыс эмес. Саналуу күндөрдөн кийин ар бириңиздер добуш берүү үчүн бюллетенди колуңуздарга алып, тандооңуздарды жасайсыздар. Эч ким сиздерге өз оюн таңуулай албайт, эч ким тигини же муну шайла деп сиздерди мажбурлай албайт.
Өлкөбүздүн акыркы беш жыл ичинде жетишкен эң чоң ийгилиги ушул деп ойлойм. Эки ирет өлкөбүз туңгуюкка кептелип, эки ирет тууганды тууганга, боордошту боордошко кайраган жарандык согуш оту тутанып кетүү коркунучу жаралды. Анткен менен акылман, сабырдуу элибиз кылдын учунда турган тагдырын өз колуна алып, убагында токтоолук менен опурталдуу кырдаалдан чыгып кете алды.
Гүлдөп-өнүккөн, бакубат турмушка жеттик деп айтуу эрте, бирок биз башкы нерсеге - Кыргызстаныбыздын жарандары өлкө тагдырын өзү чечкен туруктуу, демократиялык өлкө болушуна жетише алдык.
Бул жетишкендиктин куну оңойго турган жок. Канчалаган убакыт өтсө да, биз шайлоо участогуна келип, идеялары жаккан партия үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү үчүн өмүрүн курмандыкка чалган баатырларыбызды эч качан унутпайбыз.
Сиздин чечимиңиз кандай болорун биз билбейбиз. Эгерде биздин партиябызга ишеним артсаңыз, биз мурдагыдай эле милдетибизди ар-намыстуулук менен аткара бермекчибиз. Биз өлкөнү коррупциядан коргоп, өзүбүз иштеп чыккан “Турак жай куруунун мамлекеттик программасынын” ишке ашырылышын талап кылып, айыл чарбасындагы өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Жарандарыбызды бардык жерде – Кыргызстанда да, чет жактарда да колдоп, коргоп, өз ынанымдарыбыздан эч качан баш тартпайбыз.
Биз социалдык жоопкерчилигин сезген мамлекетти курууну колдойбуз. Ар ким өз бетинче болгон өлкө эч качан гүлдөп-өнүгө албайт. Мыйзамдуулук, теңчилик, адилеттүүлүк – бардыгы ушул эрежелерге баш ийиши зарыл. Эч ким өз кызыкчылыгын өлкө кызыкчылыгынан бийик койбошу керек.
Эгерде сизге ушул принциптер жакын болсо, шайлоо участогуна келип, “Ата Мекен” партиясына добуш бериңиз. Биз сиздер менен биргеликте Кыргызстанды дүйнөдөгү эң ажайып өлкөгө айландырабыз".
Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.