Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 15-18-октябрь күндөрү "Күздүн гүлдүү өңдөрү" аталышында бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Көргөзмө-жарманкеге Бишкектеги Гүл өстүрүүчүлөр клубундагы бардык коллекционерлердин гүлдөрү коюлат. Ошондой эле шаардагы гүл өстүрүүгө кызыккан каалоочулар да бул күндөрү бөлмө гүлдөрүн жарманкеге алып чыгышса болот.