ЭЛДИК КАБАР: Боом капчыгайында унаа тыгыны бир нече чакырымга жетти

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө таш түшүрүү иштерине байланыштуу унаа тыгыны бир нече чакырымга жетти". Бул тууралуу 7-октябрда SUPER.KG'ге окурман WhatsApp аркылуу кабарлады. 
Транспорт жана коммуникация министрлиги таш түшүрүү иштери жүрүп жаткандыктан, аталган унаа жолунун 119-132-чакырымында жол кыймылы (Боомдо) 30-октябрга чейин саат 10:00дөн саат 15:00гө чейин убактылуу жабылып турарын билдирди. Бул иш 21-сентябрдан бери жүргүзүлүүдө. Министрлик бул ыңгайсыздык үчүн унаа ээлеринен кечирим сурайт. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Speznaz41
2015-10-08 01:17:41
Азаматсынар, элдин коопсуздугун, ушинтип алдын алыш керек. Баары буткондон кийин кыймылдабай. Негизи, ошол жолдо Балыкчыга чейин, опасный жерлери коп эле, ошолорду тазалап койсо сонун болот...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан