Бишкектеги "Манас" кинотеатрында 7-октябрда комедиялык жанрдагы "Напарниктер" тасмасынын бет ачары болду. Тасманын ачылышына белгилүү актёр-актрисалар, ырчы
Ырыскелди Осмонкулов, режиссёр
Сүйүн Откеев, күйөрмандар, маданият өкүлдөрү жана тасманын жаратуучулары катышты. Фильмдин режиссёру -
Бакыт Осмонканов. Башкы ролдордо -
Жеңиш Майрамбек уулу менен
Азим Кунеев.
Тасмада айылдагы эки милиция кызматкеринин кызыктуу, күлкүлүү окуялары чагылдырылат. 7 жылдан бери участкалык милиция кызматкери болуп иштеген Белекке шаардан Арстан аттуу кызматкер келип кошулат. Бири-бирине колдоо көрсөтүшөт. Достук, үй-бүлө көйгөйү чагылдырылат.
Тасманын жаралышы тууралуу Бакыт Осмонканов буларды айтты:
"Тасманын аталышы боюнча айтсам, "напарник" дегендин кыргызчасы жок экен. Түгөй, жолдош, кесиптеш болуп, окшошпой калды. Анан биротоло орусча болуп калбасын деп "Напарниктер" деп атадык.
Негизи, бизде милиционерлер тууралуу комедия жок болчу. Дүйнөдө бул жаатта көптөгөн фильмдер бар, ошолорго бир аз болсо да жакындашалы, теңелели деген ой менен тасманы тарттык. Биринчи жолу тасмага режиссёрлук кылдым, кандай болгонун эл баалайт".