11-октябрда "Түндүк Кавказ элинин маданияты" аттуу II Эл аралык фестиваль өтөт

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 11-октябрь күнү "Түндүк Кавказ элинин маданияты" аталышындагы II Эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрдагы маалымат жыйынынын жүрүшүндө уюштуруучулар билдиришти.

"Ата Журт" Эл аралык карачай ассоциациясы коомдук уюмунун президенти Зухра Шидакова иш-чаранын максатына токтолуп: "Биз муундан муунга өтүп келген маданиятты сактап келе жатабыз. Бардык улуттардын маданияты баалуу экенин көрсөтүү максатында экинчи жолу уюштурдук",- деди.

"Гармония" орус маданий борборунун вице-президенти Семён Поляков улуттардын маданиятын көрсөтүүчү фестивалдар колдоого алынарын билдирди. 
Фестивалга чакырылган Карачай-Черкес Республикасынын артисти Кулизар Байрамкулова: "Бул жакка келип тилибиздин окшоштугун байкадым, айлананын кооздугуна суктандым. Салттарды сактоого аракет кылышканын көрдүм. Улуттук бийлер, ырлар болот",- деген оюн айтты. 
Фестивалга Түндүк Кавказ элинин чыгармачыл топтору, эл аралык фестивалдардын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары, Казакстан, "Минги-Тау" карачай-балкар ансамбли катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан