ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте орус улутундагы аялды кичи автобус сүзүп кетти

Бишкекте Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде орус улутундагы 50-55 жаш курагындагы аялды жүргүнчү ташуучу кичи автобус сүзүп кетти. Бул тууралуу окурман 9-октябрда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди. Кырсыкка жабыркаган аял өзү күнөөлүү болгонун, анткени жолго туура эмес учурда чыга калганын билдирет кабардын автору. Заматта чогулган эл "Тез жардам" кызматын чакырып, 15 мүнөттөн кийин дарыгерлер тобу келгени айтылды. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
akzuura
2015-10-09 13:34:26
Азыркы айдоочулар адам өтүүчү сызык жолдон өтүп кетейин десеңда өткөрө койушпайт сигнал берип өлүп кетишет а бул туурамес өтүптур дейт анда тем боле!
Өткөрүп койсо эмне болот байкуш мойну сынган окшойт алда бирөөнүн апасыго акыры .
+2
Deniza88
2015-10-09 14:19:24
akzuura,бул айдоочу да бечара Иштеп уйдогу бала чакасын багып журот да, эмне жоо адамдар укмуш жол эрежесин сактап атыпырбы, орус жакшы болсо экен эми, болбосо булар тиги бечара шопурдун канын ичет . Законду такыр барктабайбыз биз негизи , что жоо адамдар- что рульдагылар...
+2
Gema
2015-10-09 14:30:14
Айрыкча кичи автобус айдоочулар ото эле жол эрежесин бузушат,чыкпаган жактан чыга калышып.Каяка шашат билбейсин.Ото эле наглыйланышып.
+2
advokatt1990
2015-10-09 14:37:19
Эмне эле болуп жатат деги? Бири маршруткага жармашып алса, экинчисин сузуп кетип....
0
EdikoKG
2015-10-09 15:05:39
Эсен болсун го..бирок,жол эрежесин озу бузуптур. Шашпай,пешеходтон,светофорду карап отсо болмок. Бизде озу жоо адамдар жол эрежесин кобураак бузабыз дагы,айдоочулар куноолу болушат.
+1
Sagynbek94
2015-10-09 16:57:46
Акыркы учурда баарбыз эле агресисивдуу болуп калдык ... ошонун кесепети ...
+1
sesmen
2015-10-10 10:57:56
Чон эле автобус кое берсе жакшы болмок, элди кыйнап кичине маршруткасына тыгып алат,жылгыла жылгыла деп кыйкырып коет уялбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан