Ош аэропортунан бирөөнү күткөндөр же узаткандар сырттагы суукта калышууда. Азырынча билинбегени менен, кышкы суукта жарандарга абдан ыңгайсыздык жаралат. Бул тууралуу окурман 9-октябрда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди. Кабардын ээси жүргүнчүлөр үчүн гана эмес, аларды коштоп баргандардын да залга жайгашуусуна шарт түзүлүшү керектигин айтат.
Сүрөт 9-октябрда саат 03:00-04:00 аралыгында тартылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.