ЭЛДИК КАБАР: Балдарын бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калган айым изделүүдө

3 жана 4 жашар балдардын энеси наристелерин Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калды. Ага издөө жарыялоо суранычы менен окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. 
"Кичинекей кыздын айтуусу боюнча, апасынын аты - Алтынай. Учурда ал Орусия Федерациясында. Эки кичинекей баласын бейтааныш адамга таштап кетип калган. Балдарынын аты-жөнү: уулу Рамазан 4 жашта, кызы Каныкей 3 жашта. Учурда балдарын Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырдык",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Birimdik5555
2015-10-12 20:35:06
Кудай сактасын апасы аман болсун,балдарына сак-саламат кайтып келсе экен
+6
Aiko_92_29_08
2015-10-12 21:18:04
Россияда балее барбы?Апасына бир демке болгонго дейм
+2
akzuura
2015-10-12 22:53:58
Кандай адам болду экен?Бейтааныш адамга 1саатка таштап базарлыгың бүтүрүп келгичең жүрөгүң дүкүлдөп чуркап келесинго!
Бул россияга кетиптиир тооба
+3
Izdeim_seni.
2015-10-12 23:51:00
Балким энесине бир нерсе болдубу,кудай сактап аман эсен балдарына келсе экен кайтып.
+3
orhidea
2015-10-12 23:58:44
Бир нерсе болгон го. Кандай эне оз балдарын бейтааныш адамга таштап кетсин?
+3
GULZAT.83
2015-10-13 00:01:42
Росияга барып келакалам туратургула. Азыр заман ушундай КЫРГЫЗСТАНдын заманы.кичинебизде ата энебиз, короодо ойноп тургула базарга барып келем не алып келейн!-дешчу.азыркы заманда- росияга барып келекалам,айлыгы кобурок иш чыгып калсакен-болуп калдыгооо
+3
nurchik05
2015-10-13 00:59:10
GULZAT.83, туура бирок бейтааныш адамга таштабайт да
+2
nurchik05
2015-10-13 01:00:46
супер толук маалымат жазгылачы бул сурот кайдан тартылган
+3
88inara88
2015-10-13 01:53:37
Толук берсенер кабарды,ар кимди ар кайсы ойго салбай.Может акчасын берем карап тур деп кетсе,акчасын жонотпосо издоо салгандыр кудай билет.ошол учун эркекда ойлонуш керек балдарын бир аялга керек эместа жашоонун баары.балалуу болушатда таштап кетишет,элдер тырнака зар болуп журот
+5
Bermet_Kasymova
2015-10-13 02:05:12
Ай ииий кандай суйкумдуу балдар. Сулуу келин экен. Менимче жон эле таштап кетпесе керек. Бир нерсе болгон го
+3
Gulnaz.GS
2015-10-13 05:05:47
Келин аман эле болду бекен
+2
tabyshmak
2015-10-13 10:33:51
Оюма эч нерсе келбей калды. Жок дегенде балдардын туугандарын издеп табуу керек.
0
bema_bema
2015-10-13 10:51:26
Жакшы эле келиндей корунотго,балдары бир жакшынакай томпойуп отурганын.Апасы аман эле болсун,тааныгандар чыгып калаар.
0
Kunbeken
2015-10-13 11:09:35
Балдарын олтурушун томпойюп эч нерсе оюнда жок.
0
AIZAD
2015-10-13 12:11:53
Бейтааныш адам дагы кызык экен! Бироонун балдарын кандайча алып калат?
0
karakchyyy
2015-10-13 12:43:12
Оо Аллах молтурогон ширинго балдары нысапка келип батырак келсе екен. Эмнеге таштап Петти экен а?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан