ЭЛДИК КАБАР: Окурман Баткендин Аңкур-Сай аймагындагы бурулушта сак болууга чакырууда

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Аңкур-Сай аймагындагы бурулушта көптөгөн кырсыктар болуп, көптөгөн адамдар каза таап, айрымдар өмүр бою майып болушууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ушул жолду алып салып, бөлөк жерден жол ачыш керек. 3-октябрда Тико түшүп кетип өрттөнүп, ичиндеги 2 адам өлгөн. Бул Аңкур-Сайдагы бурулушту билбеген адам катуу ылдамдыкта бара жатып кырсыкка учурашы толук мүмкүн",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Aylin.91kg
2015-10-12 19:28:19
Ооба туура айтат, башка жол кылбаса да ушуну ондоп коюш кк
+5
Odik11
2015-10-12 19:51:51
Дорога смерти атап коюш керек, ото кандуу бурулуш, жол белгилери турат. Кундо торт жолу каттаган таксисттер авария болгон учурлар катталган бул жерде. Супер Инфо макала жазсанар ото жакшы болот эле
+7
admin_portal
2015-10-13 11:42:44
Odik11, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот, рахмат.
0
Shat.88
2015-10-12 20:18:32
Xan-toro ал жерге белгиден эстелик тургузуп койсо да туура эмес жерге салынып калса кырсык боло берет.
+14
aqua.94mema
2015-10-12 21:30:45
Чынында биринчи жолу бапгандарга коопту экен .
+2
briliant87
2015-10-12 21:34:47
Смартфонду ушул жигитке бергиле эми.
+5
Danel
2015-10-12 21:37:56
Ош жактан келгенде коопту экен.
+2
Dadasdasd
2015-10-12 23:01:36
Кытай капкан деп атап алышкан. Кытайлар салган жол алю
0
Holerik10
2015-10-12 23:52:44
Кайсы жол экен бул,Халмиондун жолубу
+1
Gulya21
2016-03-10 17:06:29
Holerik10,oa
0
orhidea
2015-10-12 23:53:42
Токтогулдагы Кара- Колдун дагы бурулуштары жаман экен биринчи барган адамга. Биздин алдыбызда келе жаткан машина дагы бура албай калып алдында келе жатакан машина менен сузушуп калган.
0
Kesh.26.
2015-10-13 01:34:34
Ылдамдыктуу азайтуу учун леж.пол коюш керек экен, эгер мыйзамдуу болсо. Копуронун четине тратуарга кое турган бардюр коюп койбой, чон эле бетондордон коюш керек. Башка жака жол ачуунун кажети жок, болгону жакшы конул буруп мээсин кичине катырышса айласын тапса болсо керек.
+1
88inara88
2015-10-13 01:43:23
Азаматсын элдин коопсуздугун сакташ учун ондобосо дагы коп авария болот( кудай сактасын болбосунго) бирок ото опасный бурулуш экен.
+3
Bermet_Kasymova
2015-10-13 01:57:04
Биздин айылда да ушул сыяктуу копуро бар. Асты катуу аккан суу. Тоо м.н токойдун ортосунда турат. Кооптуу... Башка жерге которуш керек дегенге бир аз тушунбой калдым. Менимче ал жер ынгайсыз болсо илгери эле башка жерге курмак.
+1
syn-pikir
2015-10-13 07:30:06
Кантип котормок эле мындай копурону куруп бер десен кадамжайдын акими камалат пара алып же дагы биро бир нерсе болот копуронун акчасын жеп уруш талаш менен 2-3 жыл дегенде бутушу мумкун. Копурого защита коюш керек
+1
Abdurahman
2015-10-13 08:48:10
Копуронун эки чекесине лежачий полицейский коюп койсо туура болгудай себеби коп адамдар знакка маани бербейт жана туманда корунбай да калышы мумкун а лежачий полицейскийде созсуз акырындайт
+1
kadamjay99
2015-10-13 22:39:18
ал жерге кан чыгарыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан