Кыргыз режиссёрунун тасмасы эл аралык сыйлыкка татыды

Түркиядагы Сафранболу шаарында өткөн "Алтын шафран" аттуу кинофестивалында кыргыз режиссёру Тынай Ибрагимов баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу "Кыргызтелефильмден" билдиришти.

9-12-октябрь күндөрү өткөн 16-фестивалга 54 даректүү тасма катышкан. Ага Кыргыз Республикасынан сырткары Босния, Палестина, Ливан, Македония жана башка 27 өлкөдөн кинематографисттер катышышты.
Режиссёр Тынай Ибрагимовдун "Он үчүнчү" аталышындагы тасмасы 15 жаштагы Ардак аттуу бала жөнүндө тартылган. Ал ат чабыштарда бир нече жолу жеңип алган. Ардак күлүк аттарды таптоо менен алектенип, бул жаатта ал кичинекейинен тартып атасынан тарбия алып келет. Тасма мындан сырткары бир катар эл аралык сыйлыктарга да ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle
2015-10-13 15:47:41
сыймык
0
Medina87
2015-10-13 16:15:23
Сыйлыгыныз кут болсун! Кыргыз элибиздин улгулуу жакшы жактарын чагылдырган тасмаларыныздын аягы тугонбосун. Чыгармачылык ийгилик!
0
Apyyke
2015-10-20 19:26:59
Ошол тасманы бир ТВ дан коргозуп коюса болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан