Жылнаама, 21-октябрь: Мындан 71 жыл мурун Бермуд үч бурчтугунда америкалык "Рубикон" кемесинин бүт экипажы табышмактуу жоголуп кеткен

* Мындан 88 жыл мурун, 1927-жылы төкмө жана жазма акын, комузчу, темир комузчу, обончу Токтосун Тыныбеков Аксы районунун Тегене айылында туулган. Караганды шаарындагы ФЗОнун эки айлык курсунда окуган. Эмгек жолун Карагандыдагы шахталарда шахтёр болуу менен баштап, 1946-жылдан тартып башталгыч мектепте мугалим, райондук Маданият үйүнүн директору, 1949-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген.
Төкмөлүк өнөрдү Барпы Алыкулов менен Калык Акиевден үйрөнүп, өнүктүргөн. Ал өмүрүндө бир нече ырлар, айтыштар, жомоктор, эскермелер жыйнактарын чыгарган. Комузда атактуу Ниязалынын жана башка комузчулардын күүлөрүнөн черткен. Ооз комузда да чебер ойногон, кыл кыяк тарткан. Обон чыгарып, лирикалык ырларды аткарган.
Ал Москвада өткөн жаштар жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалынын лауреаты жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти. Ардак белгиси ордени, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Токтосун Тыныбеков 1982-жылы 55 жашында каза болгон.
 
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Кыргыз Эл акыны Жалил Садыков 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө жерге берилген. 
Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Ал Ата Мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык жыйырмадан ашуун ыр китебин чыгарган. Акын “Жайкы таңда”, “Сары-Өзөн”, “Сырдашуу”, “Жоогазын”, “Топ жылдыздар” сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар жазмакер катары окурмандардын урмат-сыйына арзыган. Анын элдик ырга айланып кеткен “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо” сыяктуу ондогон ырларына обон чыгарылып, эл арасында азыркыга чейин ырдалып жүрөт.
* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы Бермуд үч бурчтугунда америкалык "Рубикон" кемесинин бүт экипажы табышмактуу жоголуп кеткен. Кеме эч бузулуусуз, мыкты абалда табылган. Бортто бир гана ит калган.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы орусиялык балбан, бир катар рекорддордун ээси Брюс Хлебников Тула – Москва каттамындагы поездде төрөлгөн. Ал 4 жашынан тартып спорттун ушу түрү менен алектенип, бир жылдан кийин сары курга ээ болгон. Көп өтпөй Волга автоунаасын ордунан жылдырганы үчүн "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. 9 жашында ушу боюнча кызыл кур тагынып, андан эки жыл өткөн соң салмагы 12 тоннаны түзгөн аскердик учакты сүйрөгөн. Кийин кемени ордунан жылдырып, чачына автобусту байлап алып сүйрөп, жалпысынан "Гиннесстин рекорддор китебине" отуздан ашык жолу катталган. 2001-жылы Брюс Хлебников тасма талаасында дебют жасап, "Горе-злосчастье" тасмасына тартылган.
21-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан