
* Мындан 92 жыл мурун, 1923-жылы Кыргыз Эл жазуучусу, акын
Жунай Мавлянов Жаңы-Жол районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Анын биринчи ырлар жыйнагы “Жүрөк” деген ат менен 1960-жылы чыккан. Кийинчерээк Ж.Мавлянов кара сөзгө ооп, бир нече повесть, романдарды жарыялаган. Биринчи прозалык китеби “Бекиш, сага эмне болду?” деген ат менен жарыяланган. Андан соң "Жалгыз бутактуу арча", "Турмуш", "Айылым жана айылдаштарым" сындуу повесть, аңгемелери жарыяланган. Жазуучунун "Ачык асман", "Кайрымсыз жылдар", "Бийиктик" сындуу романдары улут адабиятынын жанрдык арымын кеңейткен.
Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавлянов 2003-жылы жол кырсыгынан каза болгон.

* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы Бишкектеги “Манас” аэропорту пайдаланууга берилген. Ошондо биринчи жүргүнчүсү катары Ил-62 учагы менен СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы
Алексей Косыгин келип конгон.

* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы “Футбол падышасы” атка конгон бразилиялык футболчу
Пеле Бразилиянын Трес-Корасаес шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Эдсон Арантес ду Насименту. Үй-бүлөдөгү турмуштун оордугунан Пеле 7 жашка чыкканда иштөөгө мажбур болуп, өтүк тазалагыч болуп иштеген. Ошонун айынан окуусунан калып, 13 жашка чыкканда араң 4-классты бүтүргөн. Ошол учурда Пеле футболго кызыга баштаган.
Пеленин эң алгачкы ойногон командасы "Американа" болсо, кийин "Бакино" командасында ойногон. Улуу футболчунун чоң футболго болгон сапары ушул командадан башталган. Футбол боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле 1282 оюнга катышып, 1364 гол киргизген. Футбол падышасы Пеле Эдсон Арантис ду Насименто 1977-жылы 37 жашында жаш курагы келгендигине байланыштуу чоң футболдон кеткен.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Түркиянын Ван провинциясында күчү 7,1 баллга жеткен зилзала болгон. 601 адам көз жумуп, 4152 киши жаракат алган. Каза тапкандардын ичинде 3 этникалык кыргыз болгон. Бул кырсык Ван шаарында түрмөдө отургандардын качуусуна өбөлгө түзүп, 150 кылмышкер абактан качып кеткен.